Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда дайынсыз болуп изделип жаткан 31 жаштагы кыз Ошто иштеп жүргөн жеринен табылды

Жалал-Абад облусунда дайынсыз болуп изделип жаткан 31 жаштагы кыз Ош шаарындагы кафелердин биринде иштеп жүргөн жеринен табылды. Бул тууралуу шаардык милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-апрель күнү түнкү саат 22:30 чамасында Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматына Сузак районунун тургуну кайрылып, 1990-жылы туулган кызы дайынсыз жоголгонун, аны табууга көмөк көрсөтүүлөрүн өтүнгөн. Ата-энесинин айтымында, жоголгон кыз Ош шаарындагы кафелердин биринде иштеп жүрөт деген маалыматты уккандарын айтышкан.
Кызматкерлер шаарда жайгашкан кафе-ресторандарга кирип, кызды издеп, кафелердин биринен кызды таап, ата-энесинин колуна өткөрүп беришкен.
21-март күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 1990-жылы туулган М.кызы.Б. үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып барган эмес. Бул туурасында анын ата-энеси, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылып, алар маалыматтарды каттоо журналына каттап, иш тергөөгө өткөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
KaGaH
2021-04-29 08:23:06
31 жаштагы Кыз?
0
Zhanara82
2021-04-29 08:25:12
Дайынын билдирип койсо болмок экен,бир болсо канчадан кыйналганго.30 га чыгып калыптыр ата энеси болуп койсо жакшы болор беле
0
Nara5
2021-04-29 08:52:19
31 энендин кызы калабы сага
0
Aimani
2021-04-29 09:08:25
31жашта Ата энесине эмнеге откоруп берет.Оз алдынча иштеп акча таап озун озу каржылайын дегендир да.
+1
Dembele84
2021-04-29 09:58:19
31 жаштагы жаш селки кыз жоголуп,кийин табылып ата энесинин оз колуна откоруп берилди деп койбопсунар да
0
AruuKasi
2021-04-29 12:42:57
Мен 31 жаштамын куну туну балдарымды ойлойм алыста иштеп журом балдарым аман болсо экен, сууга кетпедиби тамагы эмне болду буту курукбу карды токбу деп ойлойм. 31 жашта кыз жоголуп кетет деген эмне кеп
0
akmanai
2021-04-29 13:55:42
Турмушка чыга элек болсо не деп жазат айым десе туура болчудайбу э?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан