Бүгүн, 28-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чыр чыккандыгы кабарланган. Учурда чыр чыккан аймакта абал туруктуу экенин SUPER.KG порталына Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Аталган аймакта таш ыргытуу токтоп, абал турукташты. Учурда Баткен районунун акими менен Исфара районунун акими сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Учурда абал турукташып, эл акырындап тарап жатат", - деп билдирди басма сөз кызматкери.