Биз социалдык тармакта

Алайга көчүп келген памирлик кыргыздарга паспорт берилди

Улуу жана Кичи Памирден көчүрүлүп келип, учурда Алай районунун Талды-Суу айылында жашап жаткан памирлик кыргыздарга паспорт берилди. Бул тууралуу Ош облустук администрациясынан кабарлашты.

"Жалпы 44 жаранга ички жарандык паспортторун өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов тапшырды", - деп билдиришти аталган мекемеден.

Мындан сырткары Ош облусунун башчысы тарабынан азык-түлүк берилди. Жарасул Абдураимовдун айтымында, эми памирлик кыргыздардын жаш балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилет.

“Эми жаш балдарына күбөлүк беребиз. Мындан сырткары Памирден келген туугандарыбызды жумуш менен камсыз кылуу пландалууда. Негизинен Талды-Суу айылында жашап жаткан памирлик кыргыздарга бардык шарттарды түзүп берүү иштери алгылыктуу жүрүп жатат деп ойлойм”, - деди Жарасул Абдураимов

Маалымат үчүн, президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 16-апрель күнү Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 111 адам, алардын 60 чоң киши жана 51 бала Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышкан.

Алардын баары Ооганстан жана Кытайдан келген этникалык кыргыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
XATSAN125
2021-04-28 22:14:09
кытай тажик озбек ит урук пит уруктар бир эле кундо алышат негизи озубуздуку 1 жылда араң алды
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан