Биз социалдык тармакта

Токтогул суу сактагычында суу сутка ичинде 2 миллион метр кубга азайды

Бүгүн, 28-апрелге карата Токтогул суу сактагычында 8 миллиард 648 миллион метр куб суу бар. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 28-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 648 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 233 метр куб, агып чыгышы 256 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Кечээ, 27-апрелде суу сактагычта 8 миллиард 650 миллион метр куб суу бар болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ergeshev.77
2021-04-29 06:21:20
Неге чыккан сууну азайтса болбойбу бая куну 194 чыккан суу деген болчу неге азыр 254 тушунбойм 194 кубда деле электр энергия чыгарып атпады беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан