Биз социалдык тармакта

Артём Новиковду рэпер рэп баттлга чакырды. Буга Новиков жооп берди

Gokilla каймана аты менен таанылган кыргыз рэпери Артур Исмаилов YouTube каналдардын бирине берген маегинде биринчи вице-премьер-министр Артём Новиковду рэп баттлга чакырды.

"Новиков, мен сизди Бишкекте рэп баттлга чакырам. Эки куплеттен турган 16 сап. Колуңуздан эмне келерин көрсөтүңүз. Саясат жөнүндө сүйлөшөлү. Сизди күтүп жатабыз", - деген рэпер.

Көп убакыт өтпөй эле буга биринчи вице-премьер социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жооп берди. Анда Новиков рэпер менен поэзия жөнүндө маектешүүгө чакырган.

"Урматтуу MC Gokilla! Сени рэп баттлга кабыл алууга шарт болбой жатат, пандемияны жеңгенден кийин сени менен поэзия жөнүндө маектешебиз. Сен айткан рэптин башаты “Манас” эпосунан башталат. Андыктан сага ушул китеп белек болсун. Урматым менен Артём Новиков", - деп жазды ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
alym21
2021-04-29 00:03:45
Татыктуу жооп болуптур, баракелде.
+21
Aidar.001
2021-04-29 00:10:22
Орук как болуптур го реппер :)
+8
Aidan_Ek
2021-04-29 00:27:19
Азамат Новиков, таш менен урганды аш менен уруптур.
+10
Aimani
2021-04-29 00:36:54
Достойный ответ.молодец Новиков!
+12
mira28
2021-04-29 00:40:24
Азамат.Майда чуйдо менен алаксып озун пиарлабай акырын гана жайлаптыр.Чын эле абал Манас айтканды уйронсун.Жапаров бир блогер болгон жаш бала менен жолугушканында ушунчалык намыстандым эле.Кандай чоништер турса жаш баланын психикасын бузуп жаштайынан саясатка кыйкырчак кылып тарбиялаштын эмне кереги бар деп.Новиков позитив менен иштегени корунуп турат.
+10
Umar.
2021-04-29 01:01:47
Красавчик, премьерликтен тушуруп тынышты ушунуда
+7
amirrus
2021-04-29 05:15:58
Ушул Сары балага ичим чыгып калды,анча мынча кыкеге Караганда кыйла патриот...
+5
JaneEr
2021-04-29 07:54:13
Мариповдон жакшы эле...Ордунда калтырса болмок...
+3
zam81
2021-04-29 14:22:14
Сонун жооп сабак болсун биздикилергеда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан