Кечээ, 28-апрелде Ош облусунун Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасын тазалоо акциясы болуп өттү. Бул тууралуу активисттер өздөрүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялашты.
"Суу сактагычтын айланасы аябай эле таштандыга толуп кетиптир. Бул акцияны дагы улантабыз. Кемпир-Абадды эле эмес, башка суу сактагычтарды дагы тазалайбыз. Кемпир-Абадга кандай маселе болсо дагы келгенге даярбыз", - деди акцияга катышып жаткан активист.
Буга чейин активисттер суу сактагычтын айланасына үч күн бою тазалоо акциясын жүргүзө тургандыктарын айтышкан.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга берилбей тургандыгын айткан.