"Азык-түлүктүн баасы арзандабай жаткан соң айлык акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды көтөрүү зарыл", - деп кечээ, 28-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Турусбеков билдирди.
Депутат Бактыбек Турусбеков өкмөт көргөн чаралардан соң эң көп керектелүүчү товарлардын баасынын төмөндөөсүнүн динамикасы тууралуу маселе көтөрдү. Ал азык-түлүктүн баасы сезилерлик арзандабай жаткан соң айлык акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды көтөрүү зарылдыгын белгиледи.
Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков өкмөттүн иш планы иштелип чыкканын, анда калкты иш менен камсыздоо жана социалдык чөйрөдө иштеген кызматкерлердин айлык акыларын көтөрүү маселеси каралганын айтты.