Жалал-Абад шаарындагы мектептер 1-майдан тарта кайрадан аралыктан (онлайн) окутууга өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-майдан тартып мамлекеттик мектептер аралыктан окууга өтөт. Болгону 9-11-класттар гана салттуу режимде окууну улантат.
"Мектеп окуучуларынын арасында коронавирус жуктуруп алгандар катталып жаткандыктан калган класстар үчүн онлайн режим кайрадан күчүнө кирет. Ал эми менчик мектептерге рейд жүргүзүлүп, окуучулардын санына жараша чечим кабыл алынат", - деп жазылат маалыматта.