Биз социалдык тармакта

Артём Новиков: "ПЦР-тестирлөөнүн баасын арзандатуу боюнча чаралар көрүлүп жатат"

ПЦР-тестирлөөнүн баасын арзандатуу боюнча чаралар көрүлүп жатат. Бул тууралуу кечээ, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков билдирди.

"Эң көп керектелүүчү азык-түлүк продуктуларына бааларды турукташтыруу, ошондой эле Кыргыз-Кытай чек арасындагы жүк ташууларга байланышкан кырдаал боюнча өкмөт көрүп жатат. 2021-жылдын 8-январынан ири мүйүздүү малды, кумшекерди, өсүмдүк майын жана өзгөчө зарыл башка товарларды, 16-марттан тарта минералдык жер семирткичтерди жана күйүүчү-майлоочу майларды сыртка чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынган. 14-апрелден баштап дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды экспорттоого алты айлык мөөнөт менен убактылуу тыюу салынды. ПЦР-тестирлөөнүн баасын арзандатуу боюнча чаралар көрүлүп жатат", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан