УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге качан барары белгисиз. Бул тууралуу SUPER.KG порталы аталган мекеменин басма сөз кызматына байланышканда белгилүү болду.
"Азыркы учурда маалыматтар чогулуп жатат. Иштер жүрүп жатат. Эгерде бара турган болсо маалымат беребиз", - деп билдиришти мекемеден.
Кечээ, 28-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуду. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, алгач тажик жарандары эки өлкөнүн кесилишкен жеринен шагыл жүктөөгө аракет кылышса, кийинчерээк Головной суу алуучу жайына тажик чек арачылары көзөмөл камераларын орнотушкан. Буга нааразы болгон кыргыз тарап камераларды алып салууну талап кылып, ортодо эки тараптан 100-150 тургун чогулуп, чыр чыккан.