Кечээ, 28-апрель күнү Баткен районунун Ак-Сай айылында чек ара маселеси боюнча Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын ортосунда кайрадан чыр чыгып, таш ыргытуулар менен коштолду. Аймакка Өзгөчө кырдаалдар министрлиги куткаруучуларды жөнөттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жерине ӨКМнын Баткен облусундагы үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан жалпы 16 куткаруучу жөнөтүлдү.
“ӨКМнын куткаруучулары тиешелүү жардам берүүгө 100 пайызга даяр”, - деп айтылат маалыматта.