Биз социалдык тармакта

"Мага кызыл зонага кирип бейтаптарды уу коргошун менен дарылоого уруксат бергиле" деген Хашим Зайналиевге министрлик жооп берди

Бүгүн, 29-апрель күнү табып Хашим Зайналиев маалымат жыйын берип, түз эфирден президент Садыр Жапаровго кайрылган. Анда ал өзүн коронавирус илдети менен ооруп, оор абалда кызыл зонада жаткандарга киргизип, уу коргошун менен дарылоосуна уруксат берилишин суранган.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги буга карата төмөнкүдөй комментарий беришти.

"Министрлик тарабынан Хашим Зайналиевге карата анын медициналык билими жана дарылоо жүргүзүү лицензиясы жок болгондугуна байланыштуу ага коронавирус инфекциясы менен ооругандарды дарылоого республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарына кирүүгө уруксат берилбейт", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rifle_I
2021-04-29 16:54:45
Эми табылбай калды бул кишиге. Бою жетпеген жипке секирбей эле коюш керек. Көчөдөгү мал дагы келип адам дарылайм дей бере тургандай медицина илими тайнеңин оюну эмес.
+2
nazira...
2021-04-29 18:06:30
Даарыласа үйүндө даарылай бербейби, же атын чыгарайын деп жатканыбы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан