Баткен облусунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Таш айылындагы чек ара маселеси боюнча Кыргыз-Тажик ортосунда чыр-чатактардын күч алганына байланыштуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жерине чыгып кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Эскерте кетсек, ӨКМнын Баткенге караштуу үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары учурда Ак-Сай айылында.