Биз социалдык тармакта

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Баткенге кетти

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Баткенге кетти. Бул тууралуу Өткүрбек Кубанычбеков Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, ал акыркы кырдаалга байланыштуу гуманитардык жардам берүүнү уюштуруп, Баткенге аттанган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 28-апрелде чет өлкөгө дарыланууга чыгып кеткени айтылган. Андан соң Ташиев ооруканага жетпей, өлкөгө кайтып келе жатканын жазган.

Баткендеги чырга байланыштуу жергиликтүү тургундар маселени чечип берүүнү өтүнүп, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдошкон. Алар абал курч болгондуктан бийлик өкүлдөрү келип, маселени чечип берүүсүн жана буга чейин айтылган сөздөргө жооп берүүсүн талап кылышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
rysik79
2021-04-29 17:04:20
Жөн эле койбоптур
-9
Deimon1990
2021-04-29 17:14:40
rysik79,
Анда сен барбайт белең
+11
nazira...
2021-04-29 17:58:27
rysik79,деги бизге эмне жагат. Ал жакта атышуу болуп жатса, бул жакта мынтип отурган туура эмес го.
+3
Asmat84
2021-04-29 19:01:10
Садырга салыштырмалуу Камчыбек Ташиев көп нерсени чечип атат
Дарыланууга бара жаткан жеринен кайра келе жатат ушул жерде отуруп президент чечип койсо болмок
+4
Gulina90
2021-04-29 20:13:34
Садыр чече албайт окшойт тажиктер ишенген адамы күчтүү болгон үчүн кутуруп атышат .Өлгөн адамдар үчүн ким жооп берет уй -булоолу жаш бала экен ким карамагына алат .
+2
Dilnaz.1990
2021-04-29 23:02:39
Барсын май канча болуп атат ,азыр барбайсынарбы комментарий жазып башты орутпагыла
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан