Биз социалдык тармакта

Өкмөт өкүлү: "Азыркы убакта күч органдарынын жетекчилеринин баары Баткенде"

Митингчилердин алдына дээрлик 3 сааттан кийин өкмөт аппаратынын жетекчисинин орун басары Айбек Жунушалиев чыкты.

"Баарыңарды сабырдуулукка чакырат элем. Бүгүнкү күндө таң атпай ыкчам штаб түзүлгөн. Президент Садыр Жапаров коопсуздук кеңешин өткөрүп, тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. Азыркы убакта күч органдарынын жетекчилеринин баары Баткенде. Алар ишти көзөмөлдөөгө убакыт бергиле. Азыр эч ким бул жерге келип, маалымат бергенге убактысы жок.

Талаптар болсо азыр айтыңыздар", - деди өкмөт өкүлү.

Чогулгандар атышууну тез арада токтотуу талабын билдиришти.

Белгилей кетсек, Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуду. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, алгач Тажик жарандары эки өлкөнүн кесилишкен жеринен шагыл жүктөөгө аракет кылышса, кийинчерээк Головной суу алуучу жайына тажик чек арачылары көзөмөл камераларын орнотушкан. Буга нааразы болгон кыргыз тарап камераларды алып салууну талап кылып, ортодо эки тараптан чыр чыккан.

Баткен районунун жарандык коргонуунун башчысы, аким тарабынан Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Чек ара боюнча маанилүү маалыматтарды шилтеме аркылуу кирип окуй аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tatu_8889
2021-04-29 17:41:16
Алар не кылмак эле,коргонуп охраналар менен журотта.солдат,техника,кошумча куч жонотсо бираз конул тынчыйт эле да элде
0
azizaziz
2021-04-29 19:21:05
Генералдар отурат көк чайдан бастырып коюп, приговор жүрүп жатат деп бир аз басылганда барышат.
Аскердик генерал деген чинди коргоп ала турган генералдар барбы деги? Же баары кухня генералбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан