Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров учурдагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн мамлекеттик органдар тарабынан чара көрүлүшү керектигин айтты

Президент Садыр Жапаров коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалдагы чыңалуунун деңгээлин азайтуу, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоо жана чек ара аймагындагы жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланды.

Садыр Жапаров учурдагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн тийиштүү бардык мамлекеттик органдар тарабынан чара көрүлүшү керектигин белгиледи.

Буга чейин SUPER.KG порталынын өздүк булагы президент коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
akmanai
2021-04-29 17:42:17
Согушту тилегендер кысчу жеринерди кыскыла. Согуш эч жакшылык алып келбейт. Тынчтык жолу менен бир чечимге келуу керек
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан