Биз социалдык тармакта

Премьер-министр Улукбек Марипов Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолукту

Казань шаарында жумушчу сапары менен жүргөн премьер-министр Улукбек Марипов жана Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин эки тараптуу кызматташтыктын абалы жана келечегинин маселелерин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Өкмөт башчы Улукбек Марипов 24-февралда болгон Садыр Жапаровдун Орусияга алгачкы сапары стратегиялык өнөктөштүктүн салттуу жогорку динамикасына жаңы дем бергенин баса белгиледи.

"Орусия тарапка Спутник V вакцинасынын биринчи партиясын гранттык негизде бергендиги үчүн ыраазычылык билдирем. 2021-жылдын 1-апрелинен тарта биздин өлкө "COVID-19суз саякаттайм" тутумуна расмий кошулду", - деди ал.

Премьер-министр Улукбек Марипов төрага Михаил Мишустинди 2021-жылдын күз мезгилинде Бишкек шаарында өтүүчү Кайчылаш жылды жабуунун салтанаттуу аземине катышуу үчүн Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келип кетүүгө чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurzada_0111
2021-04-30 01:56:20
Марипов ал жакта не бар екен бул жакта чек ара маселеси чечилбей жатканда бироону конокко чакырганды не кыласын коп нерсе жазайын дейм банга кетип калам да
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан