Бишкекте адашып жүргөн балдар табылып, үйүнө жеткирилди. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-апрелде болжол менен саат 21:00 чамасында 102 кызматына Рухий-Мурас жаңы конушунан кичинекей балдар жоголду деген маалымат келип түшкөн.
"Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда, 9 жана 8 жаштагы балдар үйдөн ойноп чыгып кеткен бойдон дайынсыз экендиги аныкталган. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө көп өтпөй адашып жүргөн балдар табылып, ата-энелерине сак-саламат жеткирип берилген. Балдарынын табылганына сүйүнгөн ата-энелери милициянын кайгуул кызматкерлерине ыраазычылыгын билдиришти", - деп жазылат маалыматта.