Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 30-апрелде түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33;
Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24;
Нарын жергесинде түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25 градус.
Бишкек шаарында 30-апрелде күндүз жаан жаабайт, кечкисин жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +30…+32 градус ысык болот.