Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик чек арасындагы "Төрт-Күл” чек ара тозотунун имараты күйүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиевге байланышканыбызда маалыматты тастыктады.
Айтымында, ал жерде эки өлкөнүн аскерлери азыр да атышып жатышат.
"Ооба, бул маалымат чын. Атышуу уланып жатат. Эртең бул боюнча объективдүү маалымат беребиз", - деди Суваналиев.