14-сентябрь күнү Лейлек районунун айылдык кеңешинин депутаттары Сапарали Бөрүбаев жана Шайырбек Орозалиев такталбаган жерге Тажикстан тарап шагыл түшүрүп, курулуш иштерин баштаганы боюнча кайрылуу жасаган. 16-сентябрда алар Ички иштер министрлигине сурак берүүгө чакыртылып, 9 саат сурак берип чыгышкан.
Бүгүн, 17-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматы айылдык кеңештин депутаттарынын суракка чакыртылышы боюнча төмөнкүчө маалымат таратты.
"Учурда ИИМдин тергөө кызматында 313-берене "расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу" менен сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө. Мындан улам Сапарали Бөрүбаев менен Шайырбек Орозалиев тергөө ишине күбө катары суракка чакыртылды. Кошумчалай кетчү жагдай, бул иш боюнча башка дагы жарандар суракка чакыртылган. Ошондой эле сурак чакыртылган ар бир жаранга эки сааттан болуп, ортодо тыныгуулар болгон. Учурда бул иш боюнча тергөө иши улантылууда", - деп басма сөз кызматынан билдиришти.