Бишкек шаарындагы мечиттерде кырдаал турукташканга чейин жума намазы убактылуу токтотулуп турат. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Бишкек шаардык мэриясынын жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун талаптарына ылайык жана калаада COVID-19 коронавирус инфекциясы көбөйүп, эпидемиологиялык кырдаал курчуп жаткандыгына байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын дин башкармалыгы Аалымдар кеңешинин макулдугу менен 2021-жылдын 30-апрелинен баштап абал турукташканга чейин Бишкек шаарынын аймагындагы мечиттерде жума намазын окууну убактылуу токтотуп турат", - деп жазылат билдирүүдө.
Ошондой эле 30-апрелден тарта дааватка чыгуучулардын жалпы каттоо иштерине убактылуу чектөө киргизилет. Буга чейин Бишкек шаарындагы мечиттерде ооз ачуу өткөрүүгө киргизилген чектөө күчүндө калтырылмакчы.