Тажик аскерлери Лейлек тараптан да ок чыгарышууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургун билдирди.
Анын айтымында, коңшу өлкөнүн аскерлери чек арага жакын жайгашкан Жаңы-Жер айыл аймагына жакын жерден асманга ок чыгарып жатышат.
"Жаңы-Жер айыл аймагында жашайбыз. Биздин айыл Тажикстандын Худжанд-Исфара авто жолуна жакын жайгашкан. 19:00 чамасында тажик аскерлери чек арага жакын келишип, асманга ок атып жатышат. Мындан сырткары алар Исфана шаарынан Арка айылына каттаган автобусту аткылашып, терезелерин талкалашыптыр. Жабыркаган жарандар жок", - деди жергиликтүү тургун.