Премьер-министр Улукбек Мариповдун тапшырмасы менен Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы абалды координациялоо жана көзөмөлдөө боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
"Штаб кеңешмесинин жүрүшүндө белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана иликтөө боюнча бардык тийиштүү чаралар кабыл алынууда", - деп билдиришти өкмөттөн.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин билдиришинче, учурда аталган аймакта абал оор бойдон калууда.