Биз социалдык тармакта

Кош бойлуу аялдар, ымыркайлар бар. Көчүрүлгөн Көк-Таш айылынын тургундары Баткендеги 4 мектепке жайгаштырылды (фото)

Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырдан улам Көк-Таш айылынын 600дөн ашык тургуну Баткен шаарына эвакуацияланды. Баткен облусундагы Кызыл Ай коомунун тобу бүгүн эртең менен Көк-Ташка барышкан. Бул тууралуу аталган коомдун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кызыл Ай коомунун Баткендеги директорунун маалыматы боюнча, көчүрүлгөн жарандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн 4 мектеп уюштурулган.

"Учурда 4 мектепте 631 жаран бар, анын ичинен 409у жаш балдар. 193 адам Кызыл Жол кичи районуна жайгаштырылса, 18 адам Баткенде туугандарынын үйүндө калышкан. Убактылуу көчүрүлгөндөрдүн катарында кош бойлуу аялдар жана ымыркайлар да бар.

Эртең мененки мезгилден баштап Кызыл Ай коому эвакуацияланган жарандарга гуманитардык жардам катары суу, ысык тамак, ымыркайларга жалаяк жеткирип беришкен. Ыктыярчылар балдарга психологиялык жардам көрсөтүшүүдө (оюндарды уюштуруу, китеп окуу, сүрөт тартуу жана башка). Жаракат алган 7 жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, андан кийин медициналык мекемеге жеткирилген", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
momun74
2021-04-29 22:32:37
Кичинекей балдар чонойгондо бала чагын кандай откон десе байкуш балдар согуш качып жургон орттонгон уйлор атышуулар коз алдына тартылатда
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан