Бишкектеги борбордук аянтта 150дөй адам чогулуп, арасынан Баткенге барууга үндөгөн чакырыктар айтылууда.
Аларды 40ка жакын милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турат.
Чогулгандар ЖМК өкүлдөрүнөн фото, видеого тартпоону талап кылышып, талап аткарылбаса, жабдыктарды талкалап салышарын айтышууда.
Саат 23:00гө жакын чогулгандар тарай башташты.