Биз социалдык тармакта

Бириккен улуттар уюму Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаал боюнча үн катты

Бириккен улуттар уюму (БУУ) Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаалды тынчсыздануу менен байкап жатат жана ок атышпоо режимин кубаттайт. Бул тууралуу БУУнун баш катчысынын орун басары Фархан Хак брифинг учурунда айткан.

"Биз бул кырдаалга тынчсыздануу менен көз салып жатабыз жана ал жакта болуп жаткандарды көрдүк. Эки өлкө ок атышпоо келишимине келишкенин жарыялаганынан кабардарбыз. Эгер андай болсо, биз бул келишимди кубаттайбыз. Бардык маселелерди тынчтык жолу менен чечүү үчүн эки тарапты түз сүйлөшүүлөрдү улантууга үндөйт элек", - деген Хак.

Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан кыргыз тараптан 46 адам жаракат алып, бирө каза болсо, Тажикстан тараптан 31 адам жаракат алып, үч адам каза болду.

Буга чейин эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери саат 20:00дөн баштап ок атышпоо чечимин кабыл алгандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nazira...
2021-04-30 00:07:55
Ким биринчи.баштаганына чара көргүлө көп дөөрүй бербей.
+10
Pankration_MMA
2021-04-30 04:35:44
nazira..., Өздөрү баштаган ушул балеенин баарын, эми калп эле өлүмүштөнүп койушат!!!
+1
Safiya91
2021-04-30 05:13:23
Общ границаны жаап салсын тажиктерден бизге эч нерсе керек эмес
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан