Биз социалдык тармакта

"Бирөө 13 жашар кыз". Тажикстан менен болгон кагылышууда кыргыз тараптан каза болгондордун саны 3 адамга жетти

Коңшу Тажикстан менен болгон кагылышууда кыргыз тараптан каза болгон адамдардын саны 3 адамга жетти. Мындай маалымат саат 23:30га карата алынганын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

"Саат 23:30га карата Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуянын натыйжасында, жабыркагандардын жалпы саны 51 адамга жетти. Жалпы 3 адам каза болду, алардын экөө Баткен облустук ооруканасында, бири Баткен облусунун Лейлек районунда – 2008-жылы туулган кыз ооруканага жетпей жолдо көз жумду", - деп билдиришти аталган министрликтен.

Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан кыргыз тараптан 46 адам жаракат алып, бирөө каза болсо, Тажикстан тараптан 31 адам жаракат алып, үч адам каза болду.

Буга чейин эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери саат 20:00дөн баштап ок атышпоо чечимин кабыл алгандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Gisi
2021-04-30 00:37:28
Ыйлайсында айласыз.
+7
Tatu_8889
2021-04-30 00:50:04
Кыргызга Кудай болуп алды го бул ит тажиктер.убалы уктатпасын.биздикилер приказ кутуп отура бергиле.куралдуу кучтор силер куралды качаан озунорго курал такаганда гана колдонот окшойсунар.позор...кенедей кыз жан берди а...
+7
Asmat84
2021-04-30 00:50:20
Иий кудайым ай секелек кызда эмне күнөө эле алсыз бийликтин арсыз адамдардын азабын карапайым калк тартып атат. Карагылачы оо кыргыз калкым бул эмне деген шумдук кенкелес бийлик кенебей отуруп карагылачы ууз оозунан эне сүтү кете элек кызыбыз курман болду. Айла жоктон каңырыгым түтөп атат . Эмне кылайын эми
Сабыр берсин ата энесине жайы жаннаттан болсун
+10
aida007
2021-04-30 01:21:39
Иии садагасы ок тийип Каза болуптур ыйлап жатам
+4
nazira...
2021-04-30 01:40:33
Акмак канкорлор, кудай жазаңаоды берсин. Ушул кыздын убалы уктатпасын.
+2
aerforce
2021-04-30 02:20:22
Ошол кыздын арбагы урсун орозонун кунундо ким кунолуу болсо
+3
Pankration_MMA
2021-04-30 04:34:39
aerforce,Арбак уралбайт, ал (арбак) өзү араң жүрсө сенин дуаңа муктаж болуп, кайдан урмак жок. Кудай урсун десең туура болот!!!
-4
Safiya91
2021-04-30 03:22:46
Кино,комедия,тамашоу,вайн же эки адамдын сүйлөшүүсү болобу Баткендиктерди шылдыңдашат((( Өлкөнүн өгөй баласындай. Энелер качты баласын бооруна кысып тооду көздөй, аталар калды өзүбүздун жерибизди коргойбуз деп. Колунда эч нерсе жок кудай берген таш жана дух менен. Тажик жүрөт автомат бар каалаган учурда ок атып. Алакандай жерди коргоп тосо албаган бийликтегилердин баарын Баткенге Лейлекке жашатып коюп зангыратып үй салышсын короосун тоскончо эле чек араны тосуп алышат болчу.
+7
Safiya91
2021-04-30 04:08:26
Кудайдын каргышына калгыла тажиктер. Эмомали Рахман жолукчандарды маймылга окшотту эле, кечээ күнү орозо кармабагыла дептир каапырдын кылган иши да. Капыр да мынчалык мыкаачы болгон эмес. 41ж согушта да медиктерге тийген эмес деп угуп калчубуз. Булар медиктердин машинесинен бери аңтарып өздөрүнөн кетишти. Аллах жазанарды берсин.
+5
kkkk3259780
2021-04-30 06:57:45
ОКЕНДЕРДИН колу бардай бул жерде.. балта саптар менен иш алып барат.
+1
xnurgul_gul
2021-04-30 14:56:27
kkkk3259780,оа Путянын кулагы корунуп жатат. АШАнын куйругу Сапар окендердин генералдары менен бизге,тажиктерди бизге каршы колдонуп жатышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан