Биз социалдык тармакта

"Көбөйүүдө". Тажикстан менен болгон кагылышууда жаракат алгандардын саны 84кө жетти

Коңшу Тажикстан менен болгон кагылышууда кыргыз тараптан жаракат алган адамдардын саны 84кө жетти. Мындай маалымат саат 24:00гө карата алынганын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

"Саат 24:00гө карата Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуянын натыйжасында, жабыркагандардын жалпы саны 84 адамга жетти. Жалпы каза болгондор – 3 адам, экөө Баткен облустук ооруканасында, бири Баткен облусунун Лейлек районунда – 2008-жылы туулган кыз ооруканага жетпей жолдо көз жумду", - деп жазылат билдирүүдө.

Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен.

Буга чейин эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери саат 20:00дөн баштап ок атышпоо чечимин кабыл алгандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Luna7
2021-04-30 00:53:40
Башың сайда калгыр тажиктер
+5
nazira...
2021-04-30 01:01:36
Акмактар бирөөнүн жерине көз артып бок барбы, өз жерине батпай жатышабы булар.Эки дүнүйө жакшылык көрбөгүлө, кудай жазаңарды берсин, тынч жаткан элибизди козгодуңар, айланып садага кеткиле кыргыз жерине. Силерде да бала чака бар, артынарды ойлобой иш кылып жатасынар. Өмүр бою жарыбай өткүлө, кыргыздар мышыгыңарды пыш дедиби не, наглыйлар.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан