Биз социалдык тармакта

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы: "Кыргыз өлкөсүнүн айрым айылдарын басып алышты деген маалымат чындыкка дал келбейт"

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы социалдык тармактарда мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Тажик тилкесинде болуп өткөн акыркы окуяларда "Баткен облусунун аймагында айрым айылдарды басып алышты" деп тараган маалыматтарды төгүндөдү.

"Бул маалымат жалган жана ачык чагымчылдыкты козутууда. Учурда эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин деңгээлинде саат 20:00дөн тартып ок атышууну толугу менен токтотуу жана аскер күчтөрүн өз ордуларына чыгарып кетүү боюнча келишим түзүлдү. Буга байланыштуу биз жарандарды текшерилбеген маалыматтарга ишенбөөгө жана жалган маалыматтарды таратпоого дагы бир жолу чакырабыз”, - деп белгиледи Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Замирбек Надырбеков.

Ошону менен бирге Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан ЖККУга мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин жыйынына катышуунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев жана Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Насрулло Махмутзода жолугушуп, анда чек ара маселелерин жөнгө салуу чараларын талкуулаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
azizaziz
2021-04-30 02:26:07
Лейлек районунун максат арка айылдары күлгө айланды деп маалымат келип жатат
+2
Jigit25
2021-04-30 02:46:23
Ооба ошентишип жжаттаат
+1
Infiniti075
2021-04-30 04:09:34
Неге дуйшомбу шаарында жолугушуу болот ыя??? Нейтральный зонада болушу керек эмес беле? Заложник кылып албасын биздин чоооондорубузду
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан