Биз социалдык тармакта

Баткен ОИИБи: "Бүгүнкүгө карата Баткенде абал туруктуу, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө"

Бүгүн, 30-апрелге карата Баткен облусунда абал туруктуу, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө. Учурда облуста ИИМдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков облус аймагындагы укук коргоо органдарынын жана ички аскерлердин учурдагы абалды турукташтыруу боюнча иш-чараларын толугу менен координациялап, коомдук тартипти сактоо багытында иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүүнү колго алууда. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

30-апрелге карата Баткен районундагы кырдаал турукташып ок атуулар токтотулган. Баткен районунун Аксай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө тартиптеги күчөтүлгөн режими киргизилген.

Ал эми Лейлек районунун Кулунду, Интернационал, Эски-Оочу, Максат, Жаштык, Борбордук, Достук, Арка-2 айылдарынын тургундары коопсуздук жайларга милиция кызматкерлери тарабынан эвакуацияланган.

Азыркы күндө чек арага чектеш аймактарда абал толугу менен көзөмөлдө.

Милиция кызматкерлери тарабынан блок-посттор коюлуп, чек арага чектеш райондордогу жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Абал туруктуу. Жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоодо облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы, ички аскерлердин аскер кызматчылары жана башка күч түзүмдөрү менен биргеликте коомдук тартипти күчөтүлгөн тартипте камсыздап жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurzada_0111
2021-04-30 09:31:33
Тажиктердин инстаграм акаунтунан башкача информациялар го бизде кечээтен бери эле туруктуу болуп атабыз алар ачык эле уйлорду орттоп тан аткыча журушту улам улам видео киргизип
+6
Missing-u
2021-04-30 09:45:03
Nurzada_0111,учунчу кучтор ошентип атайлап провокация жаратып жатышат согуш башташ учун. Сабыр кылалы согушту эч ким каалабайт,ачууга алдырбайлы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан