Биз социалдык тармакта

Кыргыз өлкөсү менен Тажикстан чек арадагы чыр боюнча биргелешкен билдирүү жасады

Кыргыз-Тажик чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн демилгеси менен түзүлгөн комиссиялар окуянын себептерин жана кесепеттерин талкуулашты. Бул тууралуу тажик тарап билдиргенин жазышат чет элдик басылмалар.

Белгилүү болгондой, тараптар куралдуу жаңжалды токтотуу, аскердик курамды жана аскердик техниканы туруктуу жайларына алып кетүү боюнча өз ара макулдашышты.

"Чыңалуунун курчушуна жол бербөө боюнча чараларды көрүү, эки мамлекеттин укук коргоо жана аткаруу бийлигинин кызматкерлеринин биргелешкен жумушчу тобун түзүү, пландаштырылган иш-чараларды толугу менен жүзөгө ашыруу, эки элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына ылайык, жемиштүү сүйлөшүү үчүн тийиштүү турукташтыруучу шарттарды түзүү", - деп айтылат билдирүүдө.

Бул билдирүүгө Кыргыз делегациясынын атынан өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев кол койду. Тажикстандын делегациясынан аталган өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Саймумин Ятимов кол койду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
SHahabidin-jabborov
2021-04-30 10:16:47
Алхамдулиллах!!!!
+1
Asmat84
2021-04-30 13:50:03
Алардын генералын кара форма менен жүрөт
Биздики костюм шым кийип жүрөт жылаңач калгыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан