Кыргыз-Тажик чек арасындагы атышуулар токтоп, абал турукташты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев кабарлады.
"Азыркы тапта чыр чыккан аймакта абал туруктуу, бирок чыңалуу бар. Ошондой эле бул боюнча жалган маалыматтар да тарап жатат. Аскердик техникалар уруш болгон жерден чыгарылган", - деди өкмөт өкүлү.
Эскертке кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Головной суу бөлүштүрүүчү пунктунун аймагында кыргыз-тажик жарандары арасында чыр башталган. Анда тараптар бири-бирине таш ыргытып, кийин атышууга айланган. Чырдын кесепетинен Кыргыз тараптан жаракат алган адамдардын саны 134кө жетип, 13 адам каза болду.