Чүй облусунун Кант шаарында 18 жаштагы Кристина Федотова аттуу кыз изделүүдө. Бул тууралуу Коомдук коопсуздук комитетинен кабарлашты.
Ага ылайык, кыз 26-апрель күнү Гризодубов көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Белгилери: бою 155 сантиметр, арык чырай, чачтары күрөң, көздөрү көк, тишинде брекет бар.
Эгерде жогорудагы сүрөттөгү кызды көргөн-билгендер болсо, төмөнкү номерлерге байланышып коюуңуздарды суранат: 0755074720, 0555230490.