Бириккен улуттар уюму Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаалга тынчсыздануу менен көз салууда. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысынын расмий өкүлүнүн орун басары Фархан Хакка шилтеме кылып дүйнөлүк басылмалар жазды.
“Биз түзүлгөн кырдаалды тынчсыздануу менен көз салып жатабыз, билдирүүлөрдү көрдүк. Ошондой эле Кыргыз өлкөсү жана Тажикстан ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашканын жарыялаганынан да кабардарбыз. Чындыгында ушундай болсо, биз аны кубаттайбыз”, - деди Хак брифинг учурунда.
Ал БУУ эки тарапты тең сүйлөшүүгө жана келишпестиктерди тынчтык жолу менен чечүүгө чакырарын белгиледи.