Бүгүн, 30-апрель күнү түнкү саат 1:00 чамасында Талас облустук ооруканасынан 7 дарыгер жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн Таластагы өкүлчүлүгү маалымат таратты.
Дарыгерлерди Баткенге Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков батасын берип жөнөткөн. "Мындай абалда бири-бирибизге колдоо көрсөтүп гана алдыга жыла алабыз", - деген өкмөт өкүлү.
Ошондой эле Талас жаштары менен бирге эртең материалдык жана гуманитардык жардам жеткирилери айтылды.