Биз социалдык тармакта

"Көк-Терек айылында 17 үй толугу менен өрттөнгөн". Баткендеги Тажикстан менен чектеш аймактарындагы абал боюнча өкүлчүлүк маалымат таратты

Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарындагы абал боюнча Чек аралаш аймактарда айрым учурларда ок атуулар болуп жатат. Бардык күч түзүмдөрү кырдаалды көзөмөлгө алууда.
Ок атышуунун натыйжасында азыркы учурга 134 адам жабыркап, 13 адам каза болду.

25 жаран атайын учак менен Бишкек шаарына ооруканага которулду. 86 жаран Баткен облустук ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Лейлек районунун чек аралаш аймактарынан 13 миң 500 адам коопсуз жайга чыгарылган. Ал эми Баткен районунан 7093 адам Баткен шаарына көчүрүлгөн. Эвакуацияланган жарандарга жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жардамдар көрсөтүлүүдө, гуманитардык жардамдар жеткирилүүдө.

Баткен районунун Көк-Терек айылында 17 үй толугу менен өрттөнгөн, ошондой эле Лейлек районунун Кулунду айыл аймагына караштуу Сада, Максат, айылдарында, Жаңы-Жер айыл аймагынын Жаштык, Борбордук, Арка айылдарында күйгөн үйлөр жана май куюучу бекеттер бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Okunboim.
2021-04-30 10:54:02
Кыргызстан боюнча полный военный техниккалар 2 кундон бээри отуп бутту окшойт. Абалды козомолдой албасанар убагында элге кайрылуу жасагыла. Бир жакадан баш бир женден кол чыгаралы. Абал жонго салынды деп кечигип калбайлы туугандар.
+1
bond02
2021-04-30 11:01:58
Кечээ эле бийликтегилер калп айтып жатат эле го уйлор куйуп кетти деген маалымат жалган деп.
+1
Mirnar
2021-04-30 11:12:25
Тажиктер мн мамилени узуп ,эч нерсе откозбой жаап салгылада чек араны. 5,10 сомго алданып бары жокту сатпай!
+1
Muslim_KGstana.
2021-04-30 11:27:13
Баткенди талкалап эле салыптыр го айланайын Кыргызым
0
mira28
2021-04-30 11:34:10
Тажиктердин уйлорду орттоп жаткан видеолору келдиго ватсаптан.Канча таман акы менен салган уй жайын таш талканын чыгарыптыр.Кудайдын каарына калат бир куну.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан