Бир сутка ичинде коронавирус илдети 6 медицина кызматкеринен аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, бир суткада стационардан 3 медкызматкер айыгып чыкты, үй карантинден 5 медицина кызматкери айыгып чыкты.
Илдет жуктуруп алган медицина кызматкерлери төмөнкү аймактарда катталды:
Бишкек шаары – 3
Чүй облусу – 3
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 44 миң 28 учур катталды. Республика боюнча жалпы 4 миң 352 медицина кызматкери айыкты.