Президент Садыр Жапаров Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
"Азыр жалпы өлкө Баткен облусундагы чек арадагы акыркы окуяларда жакындарын жоготкон Кыргыз жарандары менен бирге аза күтүүдө. Жаракат алган жарандардын тез сакайып кетишин каалайм. Мамлекет бардык жабыр тарткандарга ар тараптуу колдоо көрсөтөт", - деп белгиледи Садыр Жапаров.