Өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан улам жапа чеккен Баткен облусунун тургундарына жардам катары беришет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
"Жергиликтүү калкка олуттуу материалдык зыян гана келтирбестен адамдардын өлүмүнө алып келген окуяларга байланыштуу өкмөт аппаратынын кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акыларын которуу чечими кабыл алынды", - деп жазылат маалыматта.