
Баткен облусунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Таш айылындагы чек ара маселеси боюнча Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын ортосунда чыр-чатактан бир катар турак үйлөр, имараттар кыйрады.
ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Тажик тилкесиндеги кырдаал тууралуу маалымат:
Баткен облусунун Лейлек району боюнча өрттөнгөн турак үйлөр:
Кулунду айылында - 2 турак үй;
Максат айылында - 10 турак үй;
Жалпы: 12 турак үй
Социалдык объекттер:
- 1 мектеп
Баткен району боюнча :
- 9 турак үй;
- 10 май куюучу жай;
- 2 ресторан;
- 8 дүкөн;
- 1 кумаркана (РЕМИ);
- 1 чек ара заставасы.
Ак-Сай айылында ӨКМге караштуу 1 Өрт куткаруу бөлүгү өрттөнгөн.
Баткен облусунун Ак-Сай, Самаркандек жана Ак-Татыр айыл аймактарынын аймагында өзгөчө абал режими киргизилип, жергилүктүү тургундар коопсуз жайга эвакуацияланган. Коопсуз жайга көчүрүлгөн жарандарга ысык тамак-аш берүү жана биринчи керектелүүчү каражаттар уюштурулган.
Бүгүнкүгө карата Ак-Сай, Кызыл-Жол жана Кевит айылынын тургундары коопсуз жайга эвакуацияланды. Тургундарды эвакуациялоого 10 техникадан ашуун, 150дөн ашуун кызматкер тартылды. Райондук жарандык коргонуунун медицина кызматынан 13 "Тез жардам" автоунаасы жана автотранспорт кызматынан 60 спринтер айдоочулары тартылууда.
Баткен облусунун Лейлек районунан 900 жаран Баткен шаары багытында, ал эми Лейлек районунан 300 жаран коопсуз жайга, анын ичинен 200 жаран туугандарыныкына жайгаштырылган.