Баткен облусунун тургундары эгерде кимде ким, чек арадагы окуяга байланыштуу жакындарынын дайынын билбей жатса, Баткен облустук музыкалык драма театрынын имаратына келип, атайын кызматкерлерге кайрылса болот.
Бул тууралуу өкүлчүлүктөн маалымдашты.
Анда жарандарга жергиликтүү бийлик органдарынын жана ӨКМнын кызматкерлери жардам берет.