
Тажикстан менен болгон кагылышуудан улам бардыгы болуп 1 миң 522 адам коопсуз жайга эвакуацияланды. Бул туурасында саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, Ак-Сай айылы боюнча жалпы 389 үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлдү. Чыр чыккан аймактардан жалпысынан 444 чоң киши, 1 миң 78 балдар.
Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен.
Буга чейин эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери саат 20:00дөн баштап ок атышпоо чечимин кабыл алгандыгы кабарланган.