Биз социалдык тармакта

Бириккен Араб Эмирлигинен Кыргыз өлкөсүнө 54 тонна гуманитардык жардам келди

Бириккен Араб Эмирлигинин өкмөтүнөн жалпы салмагы 54 тоннаны түзгөн тамак-аш азыктары түрүндөгү гуманитардык жардам "Etihad Airways" авиакомпаниясынын атайын рейси менен "Манас" эл аралык аэропортуна келип түштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмирлигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын алкагында 2021-жылдын 29-апрелинде БАЭнин өкмөтүнөн жалпы салмагы 54 тоннаны түзгөн тамак-аш азыктары түрүндөгү гуманитардык жардам келди. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү "Манас" эл аралык аэропортуна гуманитардык жүктөрдү кабыл алуу процессине катышты.

Өлкөнүн жогорку жетекчилигинин көрсөтмөлөрүн аткаруу максатында бул гуманитардык жардам жакын арада Баткен аймагына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу жеткирилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Gulina90
2021-04-30 13:02:58
Кымтып калбай жеткиргиле бир боорлорубузга.
+14
Samash-87
2021-04-30 13:30:17
Gulina90,54 тоннадан 50 тоннасын биздин чондор жеп,4 тоннасын Баткенге жонотот
+4
Afrodita1993
2021-04-30 13:21:21
Бирөөнүн акысын коркпой жеп үйрөнүп калышкан, аш болбосун арам жегендер
+7
Aky12
2021-04-30 13:55:21
Эгер ушул жардамды да кымтып жеп калсанар,анда уй булоонор мн арам тамактан кырылып калгыла
+3
Mastura90
2021-04-30 13:56:40
Активисттер көзөмөлгө алып туруш керек ушул жардамды
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан