Биз социалдык тармакта

Ош шаардык мэриясы ишкерлер менен бирге Баткенге 2 миллион сомдук азык-түлүк жөнөттү (фото)

Ош шаардык мэриясы Баткенге 500 миң сом бөлүп, жеке ишкерлер менен биргеликте 2 миллион сомдук азык-түлүк жөнөттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 30-апрель күнү Ош шаарынын мэриясы тарабынан жана жеке ишкерлерден чогулган азык-түлүк Баткен облусуна жөнөтүлдү.

"Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов Ош шаарынын мэриясынан 500 миң сом бөлүнгөндүгүн билдирип, Баткен эли жалгыз эмес экендигин кошумчалаган. Мындан тышкары мекеме-ишканалардан, жеке ишкерлерден, курулуш компанияларынан жардам чогултулуп, 2 миллион сомдук азык-түлүк жөнөтүлдү.

Ошондой эле Баткен элине колдоо көрсөтүү максатында атайын эсеп ачылып, атайын комиссиялык топ түзүлгөнүн билдиришти. Ош шаарында активдүү жаштардан, тургундардан, коомдук фонддордон турган атайын штабдар ачылып, азык-түлүктөр, акчалай жардамдар чогултулуп жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан