Биз социалдык тармакта

"Гуманитардык жардам менен элди сооротпогула...". Баткенге барабыз деп Бишкекте 1000ден ашуун эл чогулду

Бүгүн, 30-апрелде Бишкек шаарындагы Фучик жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде Баткенге баруу үчүн 1000ге чукул адам чогулуп турат.

Ошондой эле экс-вице-премьер-министр Акрам Мадумаров, экс-министр Улукбек Кочкоров, экс-финансы полициясынын башчысы Замирбек Осмонов, Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев, экс-транспорт министри Максатбек Дыйканов, чек ара коомдук бирикмесинин атынан Кылыч Шанаев келди.

Уюштуруучулардын бири Нуржан Абылкасымов чогулгандар курал-жарак берүүнү талап кылып, Баткенге барууну көздөп жатышкандарын айтты.

"Мен өзүм Лейлек районунун Кара-Суу айылынан болом. Бул жерге чогулгандардын көбү Баткен облусунун ар кайсы райондорунан, ошондой эле өлкөнүн ар башка аймактарынан келишти. Элдин негизги эле талабы Баткенге баруу болуп жатат. Гуманитардык жардам менен элди сооротпогула, курал бергиле дешүүдө. Азыр республикалык штаб түзүлдү. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - дейт Абылкасымов.

Баткенге барабыз деп Бишкекте 1000ден ашуун эл чогулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
amirrus
2021-04-30 14:10:01
Жон эле отургулачы,жон эле барып алып эмне кыласынар ашка жук, башка жук болуп
мобилизация болсо баарыбыз эле барабыз...Калп эле упай топбой бербей,барчулар Кетти уже публикага чыкбай эле
-7
Dembele84
2021-04-30 14:21:37
Ушинтип кыйкырып чыксанар эле курал берип самолет менен жеткирип койо тургансып.
0
Kanybekov94
2021-04-30 14:29:36
Конечно бул жактан карап туруш ар бирибизге оор болуп атат биздин жер биздин уйлорду тебелеп орттоп трактор менен тегиздеп туздоп атканын карап турган ото оор экен мен деле барганга даярмын
+5
Jaraisyn
2021-04-30 14:30:42
Силерге бир нерсе жагабы. Алар деле бизге окшоп каны кайнап турат.
+7
Rakyl12
2021-04-30 15:17:21
курал жок деп куйдуруп атат да
+1
Arslan11
2021-04-30 18:47:20
Туура барыш керек Тажиктер кече еле келип калышкан чогулуп ошон үчүн уйлорду сүрүп жатат жок дегенде уйлорун коруганга жардам берели Ал жакта аз еле кыргыз бар екен окмотто ишенбегиле абал ото ор екен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан