Чек ара чырынан жаракат алган жарандар үчүн каалоочулар кан борборуна барып кан тапшырса болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова брифинг учурунда билдирди.
Маалыматка ылайык, кан жана медициналык каражаттар, дары-дармектер жетиштүү. Бирок каалоочулар келип кан тапшырса болот.
"Жабыр тарткандар үчүн каалоочулар кан борборуна барып кан тапшырса болот", - деген Солтонбекова.