Биз социалдык тармакта

Баткен ОИИБи: "Лейлекте ок атышуу дагы деле токтой элек"

Баткен облусунун Лейлек районунда чек арада ок атышуу дагы деле болуп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Учурда Лейлекте абал оор. Эки өлкөнүн чек ара кызматкерлери атышып жатышат. Алар бирде ок атып, кайра тыным алып, кайра ок чыгарып жатышат", - деп билдирди облустук милициянын басма сөз кызматынан Дамира Юсупова.
28-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуган.
Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, алгач Тажик жарандары эки өлкөнүн кесилишкен жеринен шагыл жүктөөгө аракет кылышса, кийинчерээк Головной суу алуучу жайына тажик чек арачылары көзөмөл камераларын орнотушкан. Буга нааразы болгон кыргыз тарап камераларды алып салууну талап кылып, эки тараптын ортосунда чыр чыккан.

Соңку маалыматтарга ылайык, коңшу Тажикстан менен болгон кагылышууда кыргыз тараптан жаракат алган адамдардын саны 134кө жетти. Тилекке каршы, 13 адам каза болду.

29-апрелде буга чейин эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери саат 20:00дөн баштап ок атышпоо чечимин кабыл алгандыгы кабарланган.

Ал эми Тажикстан чек арадагы жаңжалдан 20дан ашуун жараны каза болгонун жазып чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Afrodita1993
2021-04-30 14:25:17
2 аскерди уруп өздөрүнө алып кирип кеткенделе ойлонушса болмок!!!
+4
Dembele84
2021-04-30 14:46:10
Такталбаган маалымат боюнча каза болгондор коп экен.Ташиевдер суйлошуп келгени менен,кайра ок атышуу токтогон жок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан