Биз социалдык тармакта

Артём Новиков Кыргыз-Тажик тилкесиндеги учурдагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жумушчу топ менен отурум өткөрдү

Биринчи-вице-премьер Артём Новиков мамлекеттик чек аранын Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик тилкесиндеги учурдагы кырдаалды жөнгө салуу жана изилдөө боюнча жумушчу топ менен отурум өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө саламаттыкты сактоо тутумунун ишин координациялоо, калкты эвакуациялоо, жабыркагандарга медициналык жардам жана дары-дармектерди берүү маселелери талкууланды.

"Учурда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Баткен облусунда жүрөм жана ага катышкан мамлекеттик органдардын, ошондой эле жергиликтүү бийликтин ишин координациялап жатам", - деп билдирди Новиков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан