Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге дээрлик инфарктка жеткен абал диагнозу коюлду. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
"Алмазбек Шаршеновичтин ден соолугуна байланыштуу диагноз апрелдин башында эле коюлган. Бул учурга чейин коомчулукка чыгарбай жатканбыз. Эмне үчүн азыр чыгарып жатабыз. Азыркы учурда абалы олуттуу болуп жатат", - дейт Жоошев.